Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 101
Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын вице-мэри Ж.Азимовдун Кыргыз Республикасынын футбол федерациясына Ош шаарында футбол Академиясын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнүн №1, №3 жана С.Супаналиев көчөсүнүн даректеринде жайгашкан жалпы 6681,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык ижара акысынан жана Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №18 “А” үйүнүн жер төлөсүн муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы № 38 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын футбол федерациясына Ош шаарында футбол Академиясын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнүн № 3 дарегинде жайгашкан аянты 3000,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык ижара акысынан 5 жылдык мөөнөткө бошотууга макулдук берилсин жана 5 жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин аталган курулуш Ош шаарынын муниципалдык менчигине алынсын.
2. Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн № 18 “А” үйүнүн жер төлөсүн муниципалдык ижара акысынан 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейинки мөөнөткө бошотууга макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына, Сай-Бою жана С.Супаналиев көчөлөрүндө жайгашкан 3681,0 чарчы метр жер тилкесине спорт жатак-мектебин куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |