Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 17-отуруму
2023-жылдын 26-январы № 17/1
2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2023-жылга бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Корул айылдык кеңеши
ТОКОТОМ КЫЛАТ:
1.Корул айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 16327,3 миң сомго анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 4158,0 миң сомго, өздүк киреше 6168,9 миң сомго жана республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 5021,251 миң сом, атайын каражат 1000,0 мин сомго, өткөн жылдан калган калдык 979,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 16327,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2023-жылга Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 16556,6 миң сомго, анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 10050,0 миң сом, өздүк киреше 6506,6 мин сомго бекитилсин.
3. 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 18061,6 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 10050,0 миң сомго, өздүк киреше 8001,6 миң сом. 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 18400,4 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 10050,0 сомго өздүк киреше 8350,4 миң сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
4. Корул айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүнө тапшыруу жагы, мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Тоотаевага жана токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Турганбаев Мустафага милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Нажимидин уулу
|