КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-октябрындагы № 575 токтому менен бекитилди Анкара шаары2008-жылдын 9-июлу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүмурунку достук байланыштарга таянып, 2000-жылдын 15-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененТүркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү, илим жанатехника жаатында аскердик кызматташтык жөнүндө келишимге жана 1993-жыл-дын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республика-сынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү боюнча кызматташуужөнүндө келишимге шилтеме жасап, аскердик кызматташтыкты терењдетүү жана Кыргыз Республикасынын Ку-ралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максатында, төмөнкүлөржөнүндө макулдашты: 1-берене. Бул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө АКШ доллары эквивалентинде 1312425 (бир милли-он үч жүз он эки мињ төрт жүз жыйырма беш) түрк лири өлчөмүндө грантбөлүп берет. Бул грантты өздөштүрүү 2008-жылдан башталат. 2-берене. Бул Макулдашуунун алкагында бул гранттын АКШ доллары эквивалентин-деги 1211250 (бир миллион эки жүз он бир мињ эки жүз элүү) түрк лириматериалдар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө берилет, ал эми АКШ долларыэквивалентиндеги 101175 (жүз бир мињ жүз жетимиш беш түрк лири ТүркияРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык накталай акча каражаттары түрүндөберилет. 3-берене. АКШ доллары эквивалентиндеги 1312425 (бир миллион үч жүз он экимињ төрт жүз мињ жыйырма беш) түрк лири финансылык жардам берүү жөнүндөжана материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протоколдорго ылайыкбөлүнөт, аларга ушул Макулдашууга шилтеме жасоо менен эки өлкүнүн ыйга-рым укуктуу адамдары ортосунда кошумча кол коюлат. 4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ал-дын ала макулдугу жок башка өлкөгө же үчүнчү тарапка материалдык караж-жаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды пайдалануу уку-гун бербөөгө милдеттенет. 5-берене. Бул Макулдашуу Тараптар тарабынан ички мамлекеттик жол-жоболоруаткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндө билдирүү күндөн баштапкүчүнө кирет. Макулдашууну кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлиги түрк тарабынан - Түркия Республикасынын Генералдык штабы ат-карат. Бул Макулдашууну аткаруу боюнча баардык талаш маселелер түзсүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 2008-жылдын 9-июлунда Анкара шаарында эки түп нускада, ар бирикыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү жана баардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптаранглис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Мамбетжунус Абылов Алпаслан Ердоган Кыргыз Республикасынын генерал-майор, Түркия Түркия Республикасындагы Республикасынын Генералдык Атайын жана толук штабынын Коргоону пландоо ыйгарым укуктуу Элчиси жана ресурстарды башкаруу департаментинин башчысы