Редакцияот 26.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 17-отуруму

 

2023-жылдын 26-январы № 17/2

2023-жылга Корул айыл өкмөтүнүн  2023-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»     мыйзамынын   2-бөлүгүнүн 3-главасынын 34-беренесиндеги 3-пунктуна ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдарга  карата  түзүлгөн социалдык-экономикалык  өнүгүү планын угуп, талкуулап  Корул айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

1. Корул айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү планы  жактырылсын.

2. Корул айыл өкмөтүнүн   2023-2025-жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

3. Социалдык –экономикалык өнүгүү пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн   башчысы М.Турганбаевге жана тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Нажимидин уулу