КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-апрели № 01-5/151
Өнөр жай зоонасы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Тоскоол-Ата токой чарбасынына караштуу токой фондунун жайыт жер категориясынан «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууда(трансформациялоодо) ишканаларды тейлөөдө инфраструктураны жакшыртууга сарпталуучу каржылоо булагын аныктоого мэриянын жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ɵнөр жай ишканаларынын инфраструктурасын уюштуруп берүүгө сарпталуучу каржылоо булагын аныктоо боюнча мэриянын жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү жана элди жумуш орду менен камсыз кылууда, Тоскол-Ата токой чарбасынан аянтты 41,0га токой фондунун жайыт жерин өндүрүштүк зона категориясына которулуп (трансформацияланып) жатканына байланыштуу, курулуп жаткан өндүрүштүк заводдор, цехтер жана кайра иштетүү ишканаларды тейлөөдө инфраструктураны (газ түтүгүн тартуу, электр линияларын алып баруу, жогорку чыңалуудагы трансформаторлорду орнотуу, суу түтүктөрүн тартуу) жолдорду жана көчөлөрдү түзүмдөштүрүп уюштуруп берүүгө сарптала турган каржы булактары Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүү боюнча шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында каралып тийиштүү корутунду берүүгө протоколдук тапшырма берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н.А.Абдуразаков. |