Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-августу № 1
“Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32-жылдыгына карата Айыл өкмөтүнүн өсүп өнүгүшүнө,спорт,маданият,билим берүү тармактарында өздөрүн көрсөткөн атуулдардын кылган иштерин баалап,айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы жогорудагы атуулдарга берилсин.
1). Саралаев Суюнбай: милициянын подполковниги.Азыркы мезгилде ардактуу эс алууда.Социалдык мекемелерди оңдөп-түзөөгө ар дайым демөөрчүлүк кылат.
2). Дооранкулов Баратали:Маданият тармагына кошкон чоң салымы үчүн.
3). Сатывалдыев Ысмайыл:Эмгектин ардагери,пенсионер.
4). Бердалиев Дуйшонали: Карамарт айылынын айыл башчысы.
5). Шарапова Савилат: Эл агартуунун отличниги,пенсионер.
6). Супатаев Алисултан: Маданияттын мыктысы,куудул.
7). Полотов Маматкул: Эмгектин ардагеи,пенсионер
8). Бегишов Абдуманап: Жеке ишкер.
9). Камбаров Санжар: Жеке ишкер.
10).Турдумбетов Ориоке Эмгектин ардагеи,пенсионер.
2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына Т.Бобошевке милдеттендирилсин.
Төрага | К.Т.Кушбаков |