Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын кезекстеги XII сессиясы
2023-жылдын 23-августу № 2
“Мектептин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл участкасындагы негизги билим берүүчү “Келечек”мектебине эл агартуунун отличнги,коомдук ишмер,маркум Абдыкалыков Бекей агайдын ысымын ыйгаруу боюнча Жаңы-Айыл участкасынын тургундарынын кайрылуусун жана укук,тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Айыл участкасындагы негизги билим берүүчү “Келечек”мектебине эл агартуунун отличнги,коомдук ишмер,маркум Абдыкалыков Бекей агайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мектептин атын өзгөртүү үчүн иш кагаздарын даярдоо маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына Т.Бобошевке милдеттендирилсин.
Төрага | К.Т.Кушбаков |