Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 94
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы С.Төрөбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы №35 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы С.Төрөбек уулунун Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүң арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (С.Төрөбек уулу):
- Ош шаарынын муниципалдык мүлктү эффективдүү пайдалануу менен 2022-жылдын бюджетинин салык эмес кирешелер боюнча жеткирилген план-тапшырмаларды толук көлөмдө аткаруу;
- «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздарын өндүрүү боюнча иш-аракеттерди камсыз кылуу жана унаа базарына кирүүчү унаалардын санын так аныктоо боюнча онлайн видеокөзөмөл системасын орнотуу;
- Ош шаарындагы муниципалдык обьекттерди жана жерлерди пайдалангандыгы үчүн анын ичинде, уюлдук байланыш мунараларына берилген муниципалдык жерлердин ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөргө анализ жүргүзүп, алардын тарифтерин жогорулатуу боюнча Ош шаардык Кеңешине сунуш берүү;
- муниципалдык обьекттердин жана жер тилкелердин реестрин аныктоочу “Геопортал” электрондук маалыматтык системасын толук кандуу ишке киргизүү;
- шаарда LED экрандарын орнотуп, аны ижарага берүү иштерин колго алуу;
- Ош шаарындагы муниципалдык обьекттерди жана жер тилкелерди инвентаризациялоо.
- Ош шаарындагы “Курманжан-Датка” атындагы Ош лицейинин окуу, жатакана имаратына жана тиешелүү жер тилкесине болгон ижара акысын толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшүрүү боюнча иштерди колго алуу;
- мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштеринде юридикалык жана жеке жактарга мыйзамдын талаптарына ылайык бирдей нормаларды колдонуп иш жүргүзүү;
- Ош шаарынын жашоочуларына шаарда бош жаткан муниципалдык обьекттер жана конкурс аркылуу ижарага берилүүчү муниципалдык жерлер боюнча кеңири маалыматтарды жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жана сайттар аркылуу жарыялоо менен конкурстун ачык-айкын өтүүсүн камсыздоо милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):
- Курманжан-Датка көчөсүндөгү муниципалдык ипотекалык шартта курулган көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатын жана жер төлөсүн Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна берүү жагы каралсын;
- Ош шаарында талаптарга жана эрежелерге жооп бербеген унаа токтоочу жайларды жоюу тапшырылсын.
4. Ош шаарынын Набережный көчөсүнүн 2“А” дарегинде муниципалдык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн 9 кишиден турган (7 мүчөсү Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан, 2 мүчөсү Ош шаарынын мэриясынан) комиссия түзүлсүн.
5.Ош шаарынын прокуратурасына (М.Бектурганов) Ош шаарында мектептердин спортзалдарынын ижарага берилүүсүнүн мыйзамдуулугун, кимдер тарабынан, кандай максатта иштетилип жаткандыгын карап чыгуу жагы сунушталсын.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
7. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешшинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |