Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабрындагы № 96
Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Райондук электр тармактар ишканасынын башчысы А.Самидиновдун, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин башчысы М.Гүрөновдун жана “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Эндешовдун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 16-декабрындагы №17 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Райондук электр тармактар ишканасынын башчысы А.Самидиновдун, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин башчысы М.Гүрөновдун жана “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Эндешовдун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Райондук электр тармактар ишканасына (А.Самидинов) Ош шаарынын кичи райондорун электр мамычалары, чубалгылары менен камсыз кылуу иштерин алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесине (М.Гүрөнов) калк жана калк эмес керектөөчүлөр үчүн дебитордук карыздарды өстүрбөө жана берилген ченемдик жоготууларды аткаруу милдеттендирилсин.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |