Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры № 186 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Алматы шаарында 2005-жылдын 12-майында кол коюлган Эларалык Өнүктүрүү ассоциациясы менен "Борбордук Азия Кызматташтыгы" уюмунун ортосундагы өнүктүрүү максатына грант (Борбордук Азияда СПИДге каршы күрөшүү боюнча долбоор, грант № Н149 7С) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Алматы шаарында 2005-жылдын 12-майында кол коюлган Эларалык Өнүктүрүү ассоциациясы менен "Борбордук Азия Кызматташтыгы" уюмунун ортосундагы өнүктүрүү максатына грант (Борбордук Азияда СПИДге каршы күрөшүү боюнча долбоор, грант № Н149 7С) жөнүндө макулда-шуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев