Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 100
Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Адановдун Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №34 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы ишке киргизилсин.
2. Мүлк салыгын тескөө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |