Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 103
«Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 15-декабрындагы №30 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө ишканасынын башчысы А.Жунусовдун маалыматы эске алынсын.
2. “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына (А.Жунусов):
-жолдорду жамоо иштеринин сапатын жакшыртуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;
-техникалардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо;
-шаардагы жол чырактарын текшерүүдөн өткөрүү жана аларды жол тыгындарын азаюусун камсыздоо үчүн кайра программалоо тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |