Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы кезектеги XV сессиясынын № 104 токтомуна тиркеме |
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги
унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартибин аныктайт.
1.2. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу боюнча уюштуруучу болуп, ушул Жободо аныкталган, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) эсептелет.
1.3. Муниципалдык менчиктеги унаа каражатынын сатып алуучусу (мындан ары-кардар) болуп менчигинин түрүнөн көз карандысыз юридикалык жана физикалык жактар саналышы мүмкүн.
1.4. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын мамлекеттик каттоодон өткөрүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
1.5. Муниципалдык юридикалык жак-бул өзүнүн балансында унаа каражаттары бар уюм, мекеме, ишкана.
1.6. Сатууга коюлуп, эсептен чыгарылуучу унаа каражаттарынын түрлөрү:
а). кызматтык колдонууда жүргөн жеңил автоунаалар (9 адамга чейинки-седан, универсал, хетчбэк, лифтбек, лимузин, пикап, минивень, купе);
б). Жүргүнчү адамдарды ташып жүргөн автобустар, троллейбустар;
в). Жүк ташуучу унаалар-ар кандай жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары жана алардын чиркегичтери;
г). Тракторлор жана алардын чиркегичтери, эмгек шаймандары.
2.1. Унаа каражатын баалоону ыйгарым укуктуу органдын өтүнмөсү менен лицензиялуу көз карандысыз баалоочу тарабынан жүргүзөт.
2.2. Унаа каражатын баалоо боюнча корутундуга көз карандысыз баалоочу экономикалык жагдайды эске алуу менен унаа каражатынын баалоо учуруна карата абалы боюнча наркын көрсөтөт.
2.3. Унаа каражатын баалоодо, корутундунун тууралыгы боюнча көз карандысыз баалоочу Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык юридикалык жоопкерчилик тартат.
3.1. Унаа каражатын сатууну көздөгөн муниципалдык юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга унаа каражатынын паспорттук-техникалык маалыматтарын тиркеп, аны сатуунун зарылдыгын негиздөө менен арыз берет.
3.2. Унаа каражатын сатуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын дарегине төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:
- муниципалдык юридикалык жактын унаа каражатын сатуу жөнүндө арызы, сатуунун зарылдыгын негиздөө менен;
- юридикалык жактын администрациясынын жана кесиптик кошун уюмунун отурумунун протоколу;
- унаа каражатынын техникалык абалы жөнүндө акт;
- баланстык наркы жөнүндө тактама, муниципалдык юридикалык жактын жетекчиси менен башкы бухгалтери тарабынан тастыкталган;
- унаа каражатынын техникалык паспорту.
3.3. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардан (муниципалдык юридикалык жак) тиркелген документтер менен арыздарды кабыл алууну жана каттоону ишке ашырат.
Ачык аукцион өткөрүү жөнүндө кулактандыруу массалык маалымат каражаттарында ал өткөрүлө турган күндөн 30 (отуз) күндөн кем эмес күн мурда жарыяланышы керек.
3.4. Унаа каражатын сатууга арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.
3.5. Муниципалдык юридикалык жактын жетекчиси берилген документтердин тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык юридикалык жоопкерчилик тартат.
3.6. Көз карандысыз баалоочу тарабынан унаа каражатын баалоо боюнча корутунду берилгенден кийин, ыйгарым укуктуу орган унаа каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык аукцион аркылуу сатууга укуктуу.
3.7. Ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү Ош шаарынын мэриясы түзгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Комиссиянын курамы ар бир аукцион өткөрүлгөндө жаңыланып турат.
Мурунку аукционго катышкан комиссия мүчөсү, кийинки аукцион боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына кире алат.
3.8. Ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамына Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, муниципалдык юридикалык жактарды көзөмөлдөгөн вице-мэрлер, муниципалдык юридикалык жактын жетекчилери, жарандык коомдун эки өкүлү жана зарылчылыкка байланыштуу башка адистер кирет.
Унаа каражаттарын сатуу боюнча ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы Ош шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
3.9. Ачык аукционду өткөрүү боюнча комиссия комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине аукциончу (модератор-баяндамачы) функциясын жүктөйт.
3.10.Ачык аукционго коюлуучу унаа каражаттары лотторго бөлүштүрүлүшү керек.
Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн кардар ачык аукциондун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети тууралуу жазуу түрүндөгү арыз;
б) физикалык жак-кардардын өздүгүн тастыктаган документ;
в) юридикалык жак-кардардын жетекчиси экендигин тастыктаган документ;
г) физикалык же юридикалык жак-кардардын атынан иш жүргүзүү укугуна ээ болгон ишеним кат;
д) кепилденген салым (алдын-ала төлөм) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.
3.1.Кепилденген салым (алдын-ала төлөм) кардар тарабынан ыйгарым укуктуу органдын эсебине накталай эмес, которуу жолу менен төлөнөт.
Кепилденген салымдын өлчөмү унаа каражаттарын сатуу боюнча комиссия тарабынан жарыяланган лоттун баштапкы наркынын 20 (жыйырма) пайызынан көп эмес өлчөмдө аныкталат.
3.2.Аукциондун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө, кепилденген салымдын (алдын-ала төлөмдүн) суммасы унаа каражатынын сатуу наркына кошулат.
3.3.Кардар бир нече унаа боюнча ачык аукционго катышкан учурда кепилденген салым (алдын-ала төлөм) ар бир унаа боюнча төлөнөт.
3.4.Кепилденген салым (алдын-ала төлөм) 10 (он) жумушчу күн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш:
а) ачык аукциондо жеңбей калган катышуучуларына;
6) ачык аукцион болбой калса;
в) ачык аукцион өткөрүлүүчү күндөн 3 (үч) күн мурда аукционго катышуудан баш тарткан учурда.
3.5.Унаа каражатын сатуу боюнча ачык аукционду өткөрүү протоколго түшүрүлөт жана комиссия тарабынан ачык аукцион өткөрүлгөн күнү бекитилет.
3.6.Сатып алуу-сатуу келишимин түзүү укугу баштапкы нарктан (бааланган нарктан) эң чон сумманы сунуштаган ачык аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
3.7. Ачык аукциондун унаа каражатын сатуу жөнүндө протоколу бекитилгенден кийин, ыйгарым укуктуу орган же муниципалдык юридикалык жак ачык аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жеңүүчүсү менен сатып алуу-сатуу келишимин түзөт.
3.8. Сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда ачык аукциондун жеңүүчүсүнө кепилденген салымдын суммасы кайтарылып берилбейт.
Бул учурда ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп андан кийинки сумманы сунуштаган кардар эсептелет жана сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу укугуна ээ болот.
3.9. Унаа каражатын жарыяланган баштапкы баа менен сатып алууга кызыкдар болгон катышуучулар жок болгон учурда унаа каражаттарын сатуу боюнча Комиссия баштапкы бааны 20 пайыздан көп эмес өлчөмдө төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
3.10. Ачык аукциондун жеңүүчүсү унаа каражаты үчүн төлөмдү ачык аукциондун протоколуна кол коюлган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзүшү керек.
3.11. Сатып алуучу төлөм жөнүндө документтерин көрсөткөндөн кийин, ыйгарым укуктуу орган унаа каражаттарын сатып алуу-сатуу келишимин 5 нускада бекитет.
Мында:
- 1 нуска - ыйгарым укуктуу органда калат;
- 1 нуска - сатып алуучуга берилет;
- 1 нуска - унаа каражатын мамлекеттик каттоодон өткөрүү функциясын аткарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет;
- 1 нуска - Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгына берилет;
- 1 нуска - муниципалдык юридикалык жакка берилет.
3.12. Ыйгарым укуктуу орган же Муниципалдык юридикалык жак унаа каражатын сатуу боюнча ачык аукционду өткөрүү боюнча, анын ичинде унаа каражатын баалоо кызматтарын төлөө боюнча чыгымдарды төлөйт.
3.13. Унаа каражатын тариздөө менен байланышкан чыгымдар аукциондун жеңүүчүсүнүн эсебинен төлөнөт.
3.14. Муниципалдык негизги каражат (муниципалдык мүлк-унаа транспорттук каражаттар) Ыйгарым укуктуу органдын же Муниципалдык юридикалык жактын менчик укугунда болсо, унаа каражатын сатуудан түшкөн акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин карамагына которулат.
3.15. Эгерде муниципалдык юридикалык жак толук бюджеттик каржылоодо болгон болсо, унаа каражатын сатуудан түшкөн акча каражаттары жергиликтүү бюджетке которулат.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Абдыраимов |