Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 107
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы №34 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомунун 2-тиркемесинин 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-Ош шаарынын аймагындагы электрондук свето-диоддук экрандар үчүн, алардын экономикалык зоналарга жайгашуусун эске алуу менен, бир айга 2 чарчы метрге чейин 1000 сомдон, 2 чарчы метрден 10 чарчы метрге чейин 3000 сомдон, 10 чарчы метрден 30 чарчы метрге чейин 4000 сомдон жана 30 чарчы метрден ашуун 6000 сомдон кем эмес эсептелинсин. Электрондук жүгүртмө саптар үчүн узундугу 2 метрге чейин 500 сомдон, 2 метрден ашканда 1000 сомдон кем эмес эсептелсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешшинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |