Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 109
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү 2022-жылдын 18-ноябрындагы №97 токтомунун 1- жана 3-тиркемелеринин жана 2022-жылдын 15-декабрындагы №102 токтомунун 3-тиркемесинин жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.3 жана 8.10. пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Манап кызы Айжан чыгарылсын жана анын ордуна, бул комиссиянын курамына, жаңы депутаттык мандат алган, ушул эле депутаттык фракциянын мүчөсү Пазылова Жаркынай Кайрыллаевна киргизилсин.
1.2. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Абдыкадырова Ракия Кимсанбаевна киргизилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |