КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 26-июну № 24/1
“Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябры №123 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» 2011-жылдын 14-июлу №98 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» 2000-жылдын 13-январы №3 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлу №241мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-февралындагы №57 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгына ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.
2. “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы, О.Алиев көчөсү, № 81 болуп аныкталсын.
3. “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин регламентине өзгөртүү, толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердин аныктыгы мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | М.Чолпонкулов |