Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 26-июну № 24/3

Кум-Дөбө айыл аймагындагы транформацияга сунушталган 169,97 га жер аянтын карап, контурларын жайгаштыруу менен Жер мунапысынын субъектисине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 18-пунктунун 4-абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүгүнө негизинде, жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктоо максатында,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:

1    Кум-Дөбө айыл аймагынын Ак-Жар айылынын “Чолпонкул” участкасынан; “Мектеп” участкасы, “Сакебай”; Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө айылы “Рысбек” участкасы, “Жээк” участкасы, “Тегирмен” участогу” “Курулуш гараж” участогу, “Ак-Там” участогу, “Таш сарай” участогу, Кум-Дөбө айыл аймагынын Шамшы айылынын “Мектеп” участогу, “Кырман” участогу, “Билал” участогу, “Кырман-2”участоктору

2    Мурун бөлүнүп берилген жер участоктор 0,20 га дан документештирилсин.

3    Укук белгилөөчү документте андан аз өлчөм көрсөтүлсө анда укук белгилөөчү документке ылайык бүткөрүлсүн.

4    Бош калган жер участоктору кезектүүлүк тартиби менен мыйзам чегинде берилсин.

5    Жер мунапысынын алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жер участокторунун өлчөмүн колдонуу Кочкор райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына тапшырылсын.

6    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча туруктуу боюнча комиссия өз милдетине алсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов