Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 26-июну № 24/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу,Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин II-корпусун имаратынын багытын, бала бакчанын имаратынын багытына алмаштыруу жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,№4141 шайлоо округунан шайланып келген депутаттар:Э.Токоева,А.Кожобаева,Э.Эгинбаев,Т.Самудиновдордун маалыматын угуп жана сунушун эске алып талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу,Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин II-корпусун имаратынын багыты, бала бакчанын имаратынын багытына алмаштырылсын.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Касымовага документин бүтүрүп акча которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын,тийиштүү комиссия өз милдетине алсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |