Редакцияот 17.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 17-июлу № 25/2

Кум-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси М.Төлөнбековдун таза суу,таштанды чыгаруу,үлүш жер жана огородор үчун сугат сууларынын акысын бекитип берүү сунушу жөнүндө

      Кыргыз Республикасындагы мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде жана Кум-Дөбө айыл аймагында өтүлгөн элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкуулап Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө,Бугучу,Ак-Жар, Шамшы,Кара-Тоо,Арсы айылдарында таза суу,таштанды чыгаруу,үлүш жер жана огород сугат сууларынын акысы бирдиктүү тариф болуп төмөнкүдөй бекитилсин:

 

-  Ичүүчү таза суу үчүн түтүн башына 100 сомдон ай сайын.

-  Таштанды чыгаруу үчүн түтүн башына 150 сомдон ай сайын.

-  Үлүш сугат суулары үчүн 350 сомдон 1га үчүн жыл сайын.

-  Огород сугат суулары үчүн 12сомдон 1сотых үчүн жыл сайын.

 

2.  Кум-Дөбө муниципалдык ишканасы жана суу пайдалануучу жана таштанды чыгаруучу”Абонент” ортосунда эки тараптуу келишим түзүү менен иш алынып барылсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын тийиштүү комиссия өз милдетине алсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов