Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 22-2
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр Айылынан Кошчан сайынан кум шагыл алууга жана таш талкалап майдалоочу курулма курууга (дробилька) макулдук берүү жөнүндө
Ош - Баткен - Раззаков автожолунун 28-34,5 чакырылышына Өсөр айылындагы Кошчан сайынан №242 – контурундагы 2га (эки гектар), №240-контурундагы 2,20 га (эки гектар жыйырма сотых) жалпысы 4,20 га (төрт гектар жыйырма сотых) жер аянттарынан кум шагылды иргеп алып төшөгөө, жана Өсөр айылын аралап өткөн Кошчан сайынын 600 метр жогорудагы түштүк тарабына таш майдалоочу курулма (дробилька) курууга макулдук берүү жөнүндөгү Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 05.06.2023-жылдагы №01-19/сандуу чыгыш катынын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылындагы Кошчан сайынын №242 – контурундагы 2га (эки гектар), №240-контурундагы 2,20 га (эки гектар жыйырма сотых) жалпысы 4,20 га (төрт гектар жыйырма сотых)жер аянттарынын кум-шагылды иргеп алып, Ош-Баткен- Раззаков автожолунун 28-34чакырымына ташып алууга макулдук берилсин.
2. Ош - Баткен - Раззаков автожолунун Өсөр айылындагы Кошчан дарыясынын түштүк тарабынын 600 метр жогору жагына таш талкалоочу курулма (дробилька) курууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |