Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 22-5
Өсөр айылындагы “Балкыял” мектепке чейинки билим берүү мекемесе маркум Гульмира Мырзаматованын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Өсөр айылындагы “Балкыял” мектепке чейинки билим берүү мекемесине маркум Мырзаматова Гульмиранын ысымын ыйгаруу үчүн мекеменин сураныч катынын негизинде Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Өсөр айылындагы “Балкыял” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин сураныч каты колдоого алынсын.
2. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Өсөр айылындагы “Балкыял” мектепке чейинки билим берүү мекемесине маркум Мырзаматова Гульмиранын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |