Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 22-6
Т. Зулпуев айылдык кенешинин регламентин бекитүү
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 14-беренесине ылайык Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айылдык кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация ” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде кабыл алынып бекитилсин.
2. Т. Зулпуев айылдык кеңешинин регламенти нормативдик укуктук акт катары Ош облсуттук Юстиция башкармалыганан катоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага: | М. Бакиров |