Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 22-7

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Чүчүк айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Чүчүк айылындагы “Бостон” деп эски боюнча аталып калган көчөгө айыл тургундарынын протоколунун негизинде “Мадраимов Мирзали” деп ат коюп берүү жөнүндө Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Чүчүк айылындагы “Бостон” көчөгө Ташматов Азимдин үйүнөн Маматаипов Шарабидиндин үйүнө чейинки аралыка “Мадраимов Мирзали” деп ат коюп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарды кароо жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

3.  Мадраимов Мирзали атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү, көрнөк жарнактарды ирети менен илүү жана дайыма көзөмөлдөп туруу Чүчүк айылынын айыл башчысы Т. Карабаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

М. Бакиров