Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 22-8
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын Жаман-Адыр бөлүмүндөгү эки жагы жар болгон жолду ондоп түзөө боюнча
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Айбек айылынын Жаман-Адыр бөлүмүндөгү эки тарабы жар болуп түздүк жерден он беш метр бийиктикте калган жол төмөндөтүп ошол жердеги түздүкө барабарлоо максатында кезектеги сессияда карап Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айбек айылынын Жаман-Адыр бөлүмүндөгү жолду оңдоп, жердин үстүнкү катмарын алып тегиздөөгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айбек айылынын айыл башчысы Б. Ажикуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |