Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 22-11

“Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат Көрсөтүлгөн иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү тууралуу

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү эз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын мал чарбачылыгын өнүктүрүү чаралары жөнүндө сунушу боюнча Т. Зулпуев айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү маанидеги тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу маселесин чечүү боюнча Көрсөтүлгөн иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.   Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу. тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышы камсыз кылсын.

3.   Т. Зулпуев айыл кеңешинин 2023-жылдын 9-июнунда №22-11 токтому областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин экономика маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

М. Бакиров