Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 22-14

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтү менен Атамерек айылынын тургуну Ормонов Ырысбек Шардаевичтин ортосунда түзүлгөн 19 - июнь 2023-жылдагы №3 - келишимин бекитип берүү жөнүндө

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын тургуну Ормонов Ырысбек Шардаевичке мурдагы Россия колхозу тарабынан курулган фонтандын ордундагы 1278,0 чарчы метр жер тилкеси турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген. Бирок бүгүнкү күндө ал жер аянтына Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү колдоо фонду тарабынан туристтер дем ала турган имарат “Рест-Поинт” куруу зарылдыгы чыгып жаткандыктан Т. Зулпуев айыл өкмөтү менен Атамерек айылынын тургуну Ормонов Ырысбек Шардаевичтин ортосунда түзүлгөн 19-июнь 2023-жылдагы №3 келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы 1278,0 чарчы метр жер участогун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып, Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү колдоо фонду, туристтер дем ала турган “Рест-Поинт” долбоору тарабынан имарат курууга макулдук берилсин.

2.  Т. Зулпуев айыл өкмөтү менен Атамерек айылынын тургуну Ормонов Ырысбек Шардаевичке айыл өкмөтүнүн Кызыл бөлүмүнөн турак жай куруу үчүн 800,0 чарчы метр жер участогу ажыратылып берилсин.

3   Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Төрага:

М. Бакиров