Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 29-июну № 23-4
Айбек айылындагы Шарипов Жоробек атындагы “Айбек-Нуру” балдар бакчасындагы эски спорт аянтчасына жабык типтеги футбол аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Айбек айылындагы Шарипов Жоробек атындагы “Айбек - Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин күн батыш тарабындагы эски 1200 чарчы метр спорт аянтчасына жаны жабык типтеги футбол аянтча куруу максатында бала бакчасынын педсоветинин чечиминин негизинде Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айбек айылындагы Шарипов Жоробек атындагы “Айбек - Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин күн батыш тарабындагы эски 1200чарчы метр спорт аянтчасына жаны футболдук аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | М. Бакиров |