Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 67
Ош шаарындагы муниципалдык жана жеке базарлардагы ишкерлерге түзүлгөн шарттар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 33,34,40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы муниципалдык жана жеке базарлардагы ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 7-сентябрындагы №5 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарындагы муниципалдык жана жеке базарлардагы ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча Ош шаарынын вице-мэри С. Джунусбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарындагы борбордук базардын айланасындагы жеке базарларда өрт коопсуздугун камсыздоо жана көчөлөрдө баш аламан соода кылган ишкерлерди базар ичине киргизүу боюнча тиешелүү деңгээлде иш алып баруу милдеттендирилсин.
- “Борбордук базар дирекциясынын” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жер тилкелерин трансформациялоо маселесин чечүү сунушталсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Эркинбаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков