Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 68
Ош шаарындагы балдар бакчаларынын окуу тарбия иштеринин жана тамак ашынын сапаттуулугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы балдар бакчаларынын окуу тарбия иштеринин жана тамак ашынын сапаттуулугу боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Аматованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы №6 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарындагы балдар бакчаларынын окуу тарбия иштеринин жана тамак ашынын сапаттуулугу жөнүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Аматованын маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
-шаардык билим берүү башкармалыгынын ишмердүүлүгүндө билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу;
-шаардагы балдар бакчаларынын жетишсиздигин жоюу максатында иш алып баруу;
-балдар бакчаларындагы авариялык абалдагы имараттардын коопсуздугун тиешелүү мекеме-ишканалар, кызматтар менен биргеликте көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (С.Аматова):
- шаардагы балдар бакчаларынын окуу тарбия иштеринин жана тамак ашынын сапаттуулугун камсыздоо;
-балдар бакчалардын окуу тарбия иштерине болгон талаптарды күчөтүү, балдарды электрондук кезек менен кабыл алуу, чыгаруу иш аракеттеринин мыйзам чегинде аткарылуусун көзөмөлгө алуу;
-бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууга, балдар бакчаларындагы ремонт иштеринин сапаттуулугуна, техникалык базасын чыңдоого өзгөчө аракеттерди көрүү милдеттендирилсин.
4. Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (М.Исмаилов) балдар бакчаларында санитардык талаптардын жана тамак-аш коопсуздугунун сакталышын камсыздоодо мыйзам чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына (Ш.Абдурахманов) шаардагы балдар бакчаларында ар кандай оорулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин иш аракеттерин күчөтүү милдеттендирилсин.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков