Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 69
Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Б.Абакировдун Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы №7 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Б.Абакировдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
-жаштар арасында спортту өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү;
-Ош шаарында спортту жана улуттук оюндарды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында инвесторлорду тартуу;
-Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасында маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдөн түшкөн акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана Ош шаарындагы мектептердин спорт залдарынын ижарага берилүүсүн көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3.Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине (Б.Абакиров):
-шаардын жашоочуларынын арасында спорттук мелдештердин, атаандаштык катары гана эмес, ден соолукту чыңдоодогу маанилүүлүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ар дайым чагылдырып туруу;
-шаардагы жеке менчик спорттук мекемелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков