Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 71
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилеринорнотуу жана пайдалануу келишиминин
төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы №27 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-тиркеменин 5.2. пунктунун 3-подпункту “шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнама жана маалымат обьектилеринин бардык түрлөрүнүн (“Г”, “Т”, “Арка П”,, “Мегаборд” жана кичи форматтагы) дизайн-долбоорун жана жаңыдан орнотулуучу конструкцияларга бир ирет гана архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) берет. Орнотулгандарга жыл сайын иликтөөдөн өткөрүү үчүн көз карандысыз эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Кичи форматтагы жарнама орнотмолорго жана дубал бетиндеги жарнамалык конструкцияларга эксперттик иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт” деген редакцияда окулсун;
-1-тиркеменин 7.1. пункту “Пайдалануудагы сырткы жарнама жана маалымат обьектисин пландуу иликтөө үчүн жарнама жайылтуучу сырткы жарнама жана маалымат обьектилеринин бардык түрлөрүнүн (“Г”, “Т”, “Арка П”,, “Мегаборд” жана кичи форматтагы) дизайн-долбоорун жана жаңыдан орнотулуучу конструкцияларга бир гана ирет архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) берет. Орнотулгандарга жыл сайын иликтөөдөн өткөрүү үчүн көз карандысыз эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт. Кичи форматтагы жарнама орнотмолорго жана дубал бетиндеги жарнамалык конструкцияларга эксперттик иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. Сырткы жарнама жана маалымат обьектисинин аянты 140 чарчы метрден ашкан учурда кошумча иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формадагы мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат” деген редакцияда окулсун;
-2-тиркемедеги жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар (П) түрүндөгү Арка сырткы жарнама обьектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн “К3=0,7” деген сөз “К3=1” деп окулсун;
-2-тиркеменин 2-пунктундагы “1000” деген цифра “4000” деп окулсун.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков