Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 73
Мурдагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берилген 0,42 га жер тилкесин
ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгына Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №157 дарегиндеги, мурдагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагынан жеңил типтеги спорттук аянтча куруу үчүн 49 жылга ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген 0,42 га жер тилкесинин ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 21-сентябрындагы №24 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгына Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №157 дарегинде жайгашкан мурдагы Ош шаардык ооруканасынын аймагынан жеңил типтеги спорттук аянтча жана казарма куруу үчүн 49 жылга ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген 0,42 га жер тилкесинин 31975440 сом суммасындагы муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков