Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 75
Ош шаарынын аймагындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиясынын протоколдорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-февралындагы №2, 2022-жылдын 8-сентябрындагы №26 чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын аймагындагы төмөндөгү аты жок көчөлөргө төмөндөгүлөрдүн ысымдары ыйгарылсын:
-Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын №13 кварталындагы аты жок көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Тилекеев Масадыктын;
-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылындагы узундугу 470,0 метрге барабар аты жок көчөгө эмгек ардагери Токторов Өктөмдүн;
-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылындагы Нак-Бак участкасындагы, узундугу 332 метрге барабар аты жок көчөгө Ооган согушунун катышуучусу, маркум Токторов Таалайбек Токтосуновичтин;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылындагы Нак-Бак участкасындагы, узундугу 312 метрге барабар аты жок көчөгө аскер кызматынын ардагери, маркум Абдырасулов Джамгырдын;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылындагы Нак-Бак участкасындагы, узундугу 332 метрге барабар аты жок көчөгө мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Жусуев Эсен Жусуевичтин;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылындагы Нак-Бак участкасындагы, узундугу 332 метрге барабар аты жок көчөгө мамлекеттик жана советтик кызматтын ардагери, маркум Турдубаев Маматкарим Турдубаевичтин;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылына кире бериштеги аты жок көчөгө “Эмгектин ударниги”, маркум Маматалиев Жанибектин;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Орке айылынын чыгыш тарабында жайгашкан “Дөбө” участкасындагы аты жок көчөгө эмгек ардагери, маркум Жакыпов Тилендин.
2. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (С.Төрөбек уулу) милдеттендирилсин.
3. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалына (И.Сансызбаев), Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Токошев) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков