Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 76
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын29-мартындагы №35 «Ош шаарынын2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин
аткарылышы боюнча отчетту бекитүүжөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри М.Исаевдин Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 29-мартындагы №35 «Ош шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 19-августундагы отурумунун №18 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 29-мартындагы №35 «Ош шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1) 1-тиркемесинин 17-пунктундагы жерлерди сатуудан түшкөн кирешелердин 2021-жылга такталган планы “26954,4” сан менен толукталсын;
2) Ош шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын отчету ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков