Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 77
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри М.Исаевдин Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 19-августундагы №20, 1-сентябрындагы №22 жана 21-сентябрындагы №24 чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык иш-чараларга акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттардын мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу;
- Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине караштуу “Бокс жана оор атлетика” спорт мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоого жергиликтүү бюджеттен 5 000,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, каржылоосу тапшырылсын.
3.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын имаратын оңдоого бөлүнгөн 5 000,0 миң сом акча каражатынын үнөмдөлгөн 986 239 сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына төрөт стационарына медициналык аппарат сатып алуу үчүн которууга макулдук берилсин.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
Ош шаардык Кеңешинин
2022-жылдын 27- сентябрындагы
кезектеги XIII сессиясынын
№77 токтомуна тиркеме
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттар:
- 40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №37 үйүнүн №68 батиринин тургуну Н.Келдибекованын көзүнө операция жасоо үчүн материалдык жардам катары;
- 20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кулатов кичи районунун №20 көп кабаттуу үйүнүн №49 батиринин тургуну С.Садырбаеванын күйөөсү Р.Маматовдун дарылануусу үчүн материалдык жардам катары;
- 100,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Качыбек айылынын Муратов көчөсүнүн №19 үйүнүн жашоочусу М.Дүйшоевдин үйү күйүп кеткендигине байланыштуу материалдык жардам катары;
- 100,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Дача айылынын тургуну Б.Досматованын бооруна операция жасоо үчүн материалдык жардам катары.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси И.Абдыраимов