Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 79
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, 40-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2022-жылдын 29-августундагы №80 токтомуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.10 пунктунун негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Улуттар Биримдиги” депутаттык фракциясынын мүчөсү Аккулов Абдижапар Ураимович транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылып, бул комиссиянын курамына, анын ордуна депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Жээналиев Тынарбек Тайтокурович киргизилсин;
- “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Мырзабеков Медербек Мамасабирович бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин;
- “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын башчысы Толубаев Замирбек Бостонбаевич архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылып, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков