Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 2
Ачык-Таш Альпинисттик лагерине ВЛ-10 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ачык-Таш Альпинисттик лагериндеги туристтик фирмаларды колдоо максатында Ачык-Таш эл аралык альпинисттик лагерин электр энергиясы менен жабдуу максатында №401 ВЛ-10кВ таянычынан ( ретранслятордон) Ачык-Таш альпинисттик лагерине чейин узундугу 4700 метр ВЛ-10 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |