Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 6
Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-34- беренелерине ылайык, жеригликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдыгы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштаарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.
2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 6 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |
Кашка-Суу айылдык кеңешинин № 6 2-декабрь 2022-жылдагы
токтомуна тиркеме |
Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча
функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин аталышы
| Аткаруу үчүн жооптуу | |
Кызматтар
|
| ||
1.1 | Муниципалдык менчикти башкаруу | Айыл өкмөт башчысы | |
1.2 | Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу |
| |
1.3 | Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу | Айыл өкмөт башчысы | |
1.4 | Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу | Айыл өкмөт башчысы | |
1.5 | Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерин берүү | Айыл өкмөт башчысы | |
1.6 | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу | Айыл өкмөт башчысы | |
1.7 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү | Айыл өкмөт башчысы | |
1.8 | Жарандардын социалдык абалы жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт башчысы | |
2.Функциялар |
| ||
2.1 | Муниципалдык менчиктин реестрин түзүү | Айыл өкмөт башчысы | |
2.2 | Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана жылдык иш-планга киргизүү | Айыл өкмөт башчысы | |
2.3 | жер аянттарын ижара акыларын бекитүү | Айыл өкмөт башчысы | |
3.Милдеттенмелер |
| ||
3.1 | Муниципалдык менчиктин реестрин кайрадан карап чыгуу, түзүү | Айыл өкмөт башчысы | |
3.2 | Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана жылдык иш-пландарды кайрадан иштеп чыгуу | Айыл өкмөт башчысы | |