Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 7
“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мал чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.
3.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 7 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай, курулуш, инвестиция жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |
Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 7
токтомуна тиркеме |
“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды
жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында мал
чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана
милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин аталышы
| Аткаруу үчүн жооптуу |
Кызматтар
|
| |
1.1. | Жеке чарбалардын асыл тукум малдарын асырап багуу үчүн жайларды берүү | Айыл өкмөт башчысы |
1.2. | Асыл тукум мал чарбасы менен алектенген жеке чарбаларга ветеринардык кызмат көрсөтүү | Айыл өкмөт башчысы |
| Конкурста жеңип чыккан, асыл тукум малды өстүргөн жеке чарбаларга 20 гектардан кем эмес өлчөмдө жайыттарды пайдаланууга берүү | Айыл өкмөт башчысы
Жайыт комитетинин төрагасы |
2.Функциялар |
| |
2.1. | Асыл тукум малдарды асырап багуу үчүн жайларды ижарара алуу укугуна тендерди уюштуруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.2. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун кошумча тизмесине чарбаларга акы төлөнүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүүнү киргизүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.3. | Акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтардын прескураттарын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы |
3.Милдеттенмелер |
| |
3.1. | Асыл тукум малды тийешелүү талаптарга ылайык асырап багуу үчүн мал сарайды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо | Айыл өкмөт башчысы |
3.2. | Мал чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн 20 га жайыттын чөптөрун калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү | Айыл өкмөт башчысы |