Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 8
“ Тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн “тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу, милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.
3.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 7 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 8 токтомуна тиркеме |
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн “тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок
кылууну уюштуруу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
1. Кызматтар | ||
1.1 | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | Айыл өкмөт башчысы |
1.2 | Курулуш таштандыларын чыгаруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.Функциялар | ||
2.1 | Айыл аймагын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда каттуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөттүн иш аракеттерин пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.2 | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТКК нын топтоо нормасын эсептөө | Айыл өкмөт башчысы |
2.3 | Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | Айыл өкмөт башчысы |
2.4 | Айыл өкмөттүн жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултуу жана ташып чыгарууну пландашт | Айыл өкмөт башчысы |
2.5 | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.6 | ТКК ны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо | Айыл өкмөт башчысы |
2.7 | ТКК ны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.8 | ТКК ны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.9 | ТКК ны алгачкы чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнү тандоо/дайындоо | Айыл өкмөт башчысы |
2.10. | Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт башчысы |
3.Милдеттенмелер | ||
3.1. | ТКК ны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | Айыл өкмөт башчысы |
3.2. | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | Айыл өкмөт башчысы |