Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 10
АКИА нын (айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын) Уставын бекитип берүү жөнүндө
Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын ( АКИА нын) Уставын каттоодон өткөрүү жана ассоциациянын иштөө аймагын аныктап, бекитип берүү жөнүндө АКИА нын аткаруу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп, АКИА нын Уставы менен таанышып жана талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын 2022-жылдын 15-октябрындагы конференциясынын № 1 протоколу менен бекитилген Уставы Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши тарабынан каттоодон өткөрүлсүн.
2. Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын территориясы Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын ) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИА га Кашка-Суу айыл аймагынын чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин регламентине ылайык Юстиция министрлигинин ченемдик-укуктук актыларды каттоо реестринен каттоодон өткөрүү Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Кашка-Суу айылдык аймагында Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын ) аткаруу комитетинин иш-аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |