Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 11
“Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо” боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүңдө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 11 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |