Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 3
Келишимдин негизинде Кашка-Суу айыл өкмөтүндө эмгектенген тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловтун тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүндө эмгектенген тейлөөчү кызматкерлердин (1 тазалоочу, 2 от жагар) эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 15 000 (он беш) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |