Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 4

Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу “Сары-Могол” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы 1974-жылы курулган Сары-Могол каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

Токтом кылат

 

1.Кашка-Суу айыл аймагындагы 1974-жылы курулган узундугу 23 км 400 м 1397 га жерди ээлеген Сары-Могол каналы учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов