Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 6

Таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

Токтом кылат

 

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Тескей” участкасынын №14 контурундагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2022-жылдагы №01-12/2 сандуу токтому менен “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган 1,0 га жер аянтын таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.Жер аянтын таштанды таштоочу жер катары иштетүүдө таштанды таштоочу жай тосмолонуп, санитардык зоналарды эске алуу менен санитардык талаптарга ылайык иштетүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге жүктөлсүн.

 

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов