Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 7
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 4- беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэфициенттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.А. Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 1- пунктунда белгиленген жердин ставкасы таблицанын негизинде жашаган санына карата 1,6 сом- м2 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 4- беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналдык коэфициент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 6- беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КК- коммерциялык коэфициенттин өлчөмү төмөндөгү таблицанын негизинде бекитилсин .
АЯНТ М2 | 10м2 чейин | 10-20м2 | 20-35м2 | 35-50м2 | 50 андан жогору м2 |
ККнын негизи сом менен | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
жана АЗСтер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлар үчүн м2- 0,2 жана тоо кен
иштеткен ишканалардын имараттары жана сооружениялери үчүн м2 0,3 сомго бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 5- пункутуна ылайык аймакта калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн бөлүгүн же үйлөрүн пайдаланган учурда айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына салык эсептөөдө КК- коммерциялык коэфициент 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисияна тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |