Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 12
Келишимдин негизинде иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир штат бирдигин алууга макулдук берүү жана эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө
Коомдук кабылдаманын иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү үчүн келишимдин негизинде бир штат бирдигин алуу жана эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Кудайбергенованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Коомдук кабылдаманын иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү үчүн келишимдин негизинде бир штат бирдигин алууга макулдук берилсин.
2.Эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комисcияcына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |