Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 16
Ижарага берилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасын аныктоо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтү Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдө 1 га жер аянтынын баштапкы баасы 200 ( эки жүз) сом деп белгиленсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |