Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 19
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы “Кайырма” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы 1982-жылы курулган “Кайырма” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
Токтом кылат
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы 1982-жылы курулган узундугу 3 км 101 м аралыкта жайгашкан “Кайырма” каналы учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |