Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры № 52

Көк-Арт айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн жыйынын чакыруу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 05.09.2023-жылдагы №05-1/3070 сандуу катын негиздеп Көк-Арт айыл өкмөт башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII -сессиясы токтом кылат:

 

1.  Көк-Арт айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00дө, Жалгыз-Жаңгак айылындагы №10 “Көк-Арт” гимназия мектебинин имаратында өткөрүлсүн.

 

2.  Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо үчүн айыл аймак төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Жерге-Тал, Жалгыз-Жаңгак, Уч-Малай, Мазар-Булак айылдары.

 

3.  Көк-Арт айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:

-  Жерге-Тал айылы боюнча делегаттардын саны 48 (кырк сегиз) адам;

-  Мазар-Булак айылы боюнча делегаттардын саны 5 (беш) адам;

-  Жалгыз-Жангак айылы боюнча делегаттардын саны 39 (отуз тогуз) адам;

-  Уч-Малай айылы боюнча делегаттардын саны 8 (сегиз) адам.

 

4.  Ар бир аймактын бөлүктөрүндө өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомчулуктун жыйындарын өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:

-  Жерге-Тал айылында 2023-жылдын 17-октябрь күнү саат 10:00дө, мектептин имаратында;

-  Мазар-Булак айылында 2023-жылдын 17-октябрь күнү саат 14:00дө, мектептин имаратында;

-  Жалгыз-Жаңгак айылында 2023-жылдын 18-октябрь күнү саат 10:00дө, мектептин имаратында.

-  Уч-Малай айылында 2023-жылдын 18-октябрь күнү саат 14:00дө, мектептин имаратында;

 

5.  Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча ар бир аймактын бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:

-  Чойбекова Батма - Жерге-Тал айылы боюнча;

-  Нурмаматов Медеткан - Мазар-Булак айылы боюнча;

-  Сатаров Айбек - Жалгыз-Жангак айылы боюнча;

-  Жумуков Суюнбек - Уч-Малай айылы боюнча.

 

6.  Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 11 (он бир) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

-  Энназаров Азамат Арзыкулович - жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңештин төрагасы;

- Раманкулова Мээргул Алыкуловна - жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы;

-  Сатаров Айбек Жалилович - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;

-  Чойбекова Батма Абдылдабековна - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;

-  Нурмаматов Медеткан Мамашович - жумушчу топтун мүчөсү, педагог;

-  Алымбаева Барчинай Талишовна - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;

-  Жумуков Суюнбек Акимбаевич - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;

-  Үңкүрбаев Адилбек Каналиевич - жумушчу топтун мүчөсү, Мазар-Булак айылынын айыл башчысы;

-  Мусаев Табылды Ордобекович - жумушчу топтун мүчөсү, Жалгыз-Жаңгак айылынын айыл башчысы;

-  Будайчиев Турдумамат Айбатиллаевич - жумушчу топтун мүчөсү, Уч-Малай айылынын айыл башчысы;

-  Кулматов Садыбакас Акматалиевич – жумушчу топтун мүчөсү, социалдык маселелер боюнча башкы адис.

 

4.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

7.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

А.А. Энназаров.